Оштун Араван районуна караштуу Сары-Таш айылында кубаттуулугу 105 МВт болгон күн электр станциясын куруу пландалууда. 21-январда облус башчысы Аманкан Кенжебаев станция курула турган 200 гектар жер аянты менен таанышты.
Долбоор чет элдик инвесторлордун каражаты менен ишке ашат, инвестициянын жалпы көлөмү — 65 млн доллар. Курулуш эки этапта жүрөт: жазында биринчи этап башталып, 15 МВттан жогору энергия өндүрүлө баштайт, ал эми толук аяктагандан кийин станция 105 МВт кубаттуулукка чыгат.

Станцияга жалпысынан 450 миң күн панели орнотулуп, долбоор ишке кирсе 35 жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болот. Ошондой эле өлкөдө ири күн станциялары боюнча башка долбоорлор да жүрүп жатканын белгилешти.
