Кыргызстандык Александр Волкодав Орусиянын «Голос» долбооруна катышууну улантууда. Бир күн мурун ал финалга өттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Юлия Кошкина 91,6 пайыз, Александр Волкодав 108,4 пайыз алды.
Александр казактардын (казачья » Черный ворон» ) «Кара карга» элдик ырын ырдады.
Аталган ырдын көптөгөн варианттары бар, биринчиси 19-кылымда жарык көргөн. 1934-жылы бул ыр Габриэль Поповдун аранжировкасында «Чапаев» тасмасында аткарылган.
Долбоордун финалы 30-декабрда Бишкек убактысы боюнча саат 00.30да болот.