Ош шаарында биринчи жолу “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз арааракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлөрү жана жолдору” аталышындагы форум өтөт.
Форумдун алкагында 52 бизнес компаниялардын продукциялары, студенттердин эмгектеринин көргөзмөсү коюлат.Бизнес-коучтардын мастер-класстары, бош орундар жарманкеси жана компаниялардын презентациялары болот.
Форум 31-май күнү Ош мамлекеттик университетинде өтөт. Ага Америка, Кытай, Япония, Чехия, Өзбекстан, Казакстан жана КМШ өлкөлөрүнөн жогорку окуу жайлардын ректорлору, компания директорлору, Ыйгарым укуктуу элчилер, Эл аралык фонддордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Кыргызстандагы 30дан ашуун жогорку окуу жайлардын ректорлору, 63 бизнес компаниялардын жетекчилери, массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *