Сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерди колдоо боюнча мамлекеттик борбор ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) өкүлдөрү менен жолукканда билдирди.
Анын айтымында, бул Борбор Азиядагы алгачкы борбор болот жана «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштейт.
«Борбор ачылгандан кийин жабыр тарткан аялдар менен кыздар бардык зарыл болгон кызматтарды бир жерден ала алышат. Тактап айтканда, тергөө иш-чараларын жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү боюнча кызматтарды, ошондой эле юридикалык жана психологиялык жардам алышат», – деди Алыбаева.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *