Жаратылыш министрлиги Кеминде кармалган илбирстин сүрөтүн жарыялады

Кызыл китепке киргизилген жырткычты Чоң Кемин жаратылыш паркынын егери жана жергиликтүү мергенчи бактан түшүрүп, кармаганы белгиленди.

“Ак илбирс — Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ символдук жаныбар болуп саналат жана анын ар бир катталышы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында маанилүү окуя болуп эсептелет”, — дешти министрликтен.

Мекеме жаныбар мындан ары кайда жайгаштырыларын же кое берилерин тактаган жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *