Ош шаарында Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленди

Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленип, иш-чарага миңдеген шаардыктар жана коноктор чогулду.

Майрамдык кечеге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, элди келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты.

Жеңишбек Токторбаев 2025-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү жылдардан болгонун белгилеп, 2026-жылга да көптөгөн ири долбоорлор пландалып жатканын кошумчалады.Майрам концерттик программа менен коштолуп, келген коноктордун ыр-бийи менен көркүнө чыкты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *