Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктап, өтүп бараткан жылдагы ийгиликтерди белгиледи.

Ал узап бараткан жыл эгемен чек аралардын толук такталып, демаркация иштеринин негизги бөлүгү аяктаганы менен эсте калганын айтты. Мындан тышкары, Кыргызстанга ири инвесторлор келип жатканын белгиледи.

«Мурда өлкөбүзгө инвестор келсе экен деп самап келсек, бүгүн кайсы инвестордун шарты мамлекет үчүн пайдалуу экенин тандаган деңгээлге жеттик. “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу, “Камбар-Ата-1” ГЭСи, “Ала-Тоо резорт” туристтик комплекси сыяктуу ири долбоорлорго дүйнөлүк ири инвесторлордун кызыгуусу – мунун айкын далили», — деди Садыр Жапаров.

Өтүп бараткан жылда Кыргызстандын эл аралык аброю жогорулаганын кошумчалады. Ошондой эле, Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоонун тынч, ачык жана адилет өтүшү — өлкөдө туруктуулук толук орногонун көрсөткөн олуттуу саясий жетишкендик деп билдирди.

«Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Жыйынтыктар республика туруктуу өнүгүүгө карай ырааттуу бара жатканын көрсөтүп турат.

Жаңы жыл ар бир үй-бүлөгө тынчтык жана бакубатчылык, ал эми өлкөбүзгө андан ары өнүгүү, туруктуулук жана жаңы жетишкендиктерди алып келсин», — деди Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *