Майлуу-Суу лампа заводунун 550 кызматкери убактылуу өргүүгө чыгат. Бул тууралуу облус жетекчилигинин заводдун кызматкерлери менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Учурда завод кызматкерлерине берилбей калган үч айлык эмгек акыны төлөө боюнча минкабдын тескемесинин долбоору даярдалып жатат.
Ошондой эле заводго инвестор тартуу багытында иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды. Инвестор табылып, өндүрүш иши толук жанданганга чейин заводдун 550 кызматкери эмгек акысы сакталбаган шартта убактылуу өргүүгө чыгарылат.
Мындан тышкары, өз каалоосу менен жумуштан кетүүнү каалаган кызматкерлерге мыйзамга ылайык тиешелүү кенемте төлөнөрү белгиленди.
