Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Тазалык” ишканасынын 30-декабрда жылуулук борбордун техникалык каналына агып кеткен дагы бир кызматкеринин сөөгү табылганын билдирди.
31-декабрда издөө иштери уланып, ага 150 киши тартылган. Алардын 90у куткаруучу, 30у милиция кызматкери жана Бишкек шаардык мэриясынын 30 кызматкери.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 30-декабрында аталган каналга үч жаран түшүп кетип, алардын биринин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми калган эки адамдын (1963-жылы туулган Ж.Ж. жана 1966-жылы туулган Ж.Т.) сөөгүн издөө улантылып жаткан.
