АКШга окууга бара турган студенттер визалык депозит төлөөгө милдеттүү эмес

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги F же M категориясындагы визалар менен окууга бара турган студенттер визалык депозит төлөбөй турганын билдирди.

Дипмиссиянын маалыматына ылайык, кепилдик күрөө бизнес же туристтик B1/B2 визасына документ тапшыргандардан гана талап кылынат. Башка виза категориялары үчүн мындай төлөм каралган эмес.

Эске салсак, 2026-жылдын 21-январынан тартып Кыргызстандын жарандары B-1 жана B-2 визаларына арыз бергенде 5 миң доллардан 15 миң долларга чейин күрөө төлөө талабы киргизилери айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *