Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан муфтийдин кызмат ордуна сынак жарыялангандыгын билдиришти.
Талапкерлер Муфтиятка 2024-жылдын 27-январынан 6-февралына (саат 17:00гө чейин) чейин документтерди тапшырышы керек.
Ушул жылдын 10-февралында Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз курултайы чакырылып, анда өлкөнүн муфтийи тандалат.
Белгилей кетсек, 26-январда Замир Ракиев Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигинен өз каалоосу менен кеткендигин кабарлашты.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна талапкер үчүн коюлган талаптар:
1. Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө түшүнүгү бар;
2. Матуриди акыйдасын жана Ханафи мазхабын терең билген / карманган;
3. Жогорку диний жана жогорку светтик билимге ээ;
4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;
5. КМДБнын курамында беш жылдан кем эмес жетекчилик кызматта иштеген;
6. Мусулман коомчулугунун, туугандарынын, үй-бүлөсүнүн арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген;
7. Мурда соттолбогон;
8. Эч бир саясий партияларга жана кыймылдарга катышы жок;
9. Жетекчилик, уюштуруучулук жана лидерлик сапатка ээ;
10. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;
11. Мамлекеттик жана араб тилдеринде эркин сүйлөгөн жана мына ушул тилдерде өз ой пикирин кеңири жаза алган Кыргыз Республикасынын жараны Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна талапкер катары каттала алат.

