9-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгы жана парламенттер аралык байланыштар тууралуу сүйлөштү.
Элчи Кытай жетекчилиги Кыргызстан менен алакага чоң маани берерин айтып, кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын белгиледи. Жолугушууда энергетика, инфраструктура жана өндүрүш тармактарындагы иштер, инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү жана маданий байланыштарды чыңдоо маселелери да талкууланды.

