Экс-мэр Оштун 12 млрд карызы тууралуу үн катты

Социалдык тармактарда ал мэрияны 12 млрд сом карыз менен калтырганы тууралуу маалыматтар тараган. Мурдагы мэр бул маалыматты четке какты.

“Кыргызстанда жолдор, мектептер жана социалдык объектилер параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен курулат. Башкача айтканда, подрядчиктер алгач өз каражаты менен иштей берет. Курулуш бүткөндөн кийин гана мамлекет же мэрия аларга акчасын төлөп берет. Менин эсептөөм боюнча, мэрия жолдор менен тротуарларды куруу үчүн подрядчиктерге 1,5 млрд сом карыз. Ал эми 750 млн сомго Капиталдык курулуш башкармалыгы карыз”, — деген Токторбаев.

Ал муницпалитет бересе болгон 2,3 млрд сом ушул жылдын бюджетине киргизилип, кийин төлөнө турганын айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *