Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын көзөмөл методикалык бөлүмү райондук ички иштер бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн жаш тергөөчүлөрдүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында практикалык окутууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.


2024-жылдын 13-февраль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын кызматкерлерине окуя болгон жерге кароо жүргүзүү, алгачкы текшерүү иштерин сапаттуу жүргүзүү, унаа кырсыктары катталган учурда тийиштүү материалдарды туура чогултуу, ошондой эле “Таза-Тергөө” программасынын системасына маалыматтарды толук киргизүү боюнча практикалык окутуулар өткөрүлдү.
Анда жаш тергөөчүлөр окуя болгон жерге чыккан убакта талаш жараткан учурлар боюна суроолорду узатышып, дасыккан тергөөчүлөрдүн кеп-кеңешин угушту. Көп жылдык эмгеги менен такшалган тергөөчүлөр жаш кызматкерлерге насааттарын айтышып, иш тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Мындай практикалык окутуулар облус аймагындагы бардык ички иштер бөлүмдөрүндө улантылмакчы.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *