Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.


16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 17-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.


18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн айрым жерлерде катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.


Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 17-18-февралдарда айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.


17-18-февраль күндөрү абанын температурасы төмөндөп:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13 градус;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°;
Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн –10…-15°, күндүз -4…-9°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°;
Республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз –9…-14°, тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн –28…-33°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *