Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомство электрондук документ жүгүртүүгө өтүү бардык процесстер жана милдеттер электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы (ЭДМС) аркылуу ишке ашырылышын билдирет.

Бул система мамлекеттик органдарда, жергиликтүү администрацияларда, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде документтерди алмашууну автоматташтыруу, бардык документтерди электрондук форматка өткөрүү максатында иштелип чыккан. Автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) киргизүү каттарды жана башка кагаз корреспонденцияларды жөнөтүү жана жеткирүү убактысын бир кыйла кыскартты“, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, аткаруу тартибин жакшыртууга жана документтерди иштеп чыгууну стандартташтырууга мүмкүндүк берди. Электрондук системаны колдонуунун аркасында документтер менен иштөө эффективдүү жана ачык-айкын болуп калды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *