Алишер Навои атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театры Кыргызстанда гастролдо. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Алишер Навои атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театры шаар тургундарына жана конокторуна гала-концерт тартуулашты.

Маданий иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов жана кенири коомчулук катышты.

Эдиль Байсалов Өзбекстандан келген театр жамаатына бүгүнкү кечте тартуулаган керемет сезимдер жана жагымдуу маанай үчүн ыраазычылыгын билдирип, акыркы учурларда Кыргыз-өзбек достугу саясий-экономикалык жактан бекемделип жатканына токтолуп, эми маданият жана искусство жаатында да эриш-аркак иш алып барып, маданий-чыгармачылык жүрүштөр байма-бай өткөрүлүп турушун каалады.

Гала-концертте аталган театрдын солисттери симфониялык оркестрдин жана хор жамаатынын коштоосунда дүйнө жана өзбек композиторлорунун классикалык чыгармаларынан арияларды, увертюраларды сунушташты. Концертти “Тумар” бий ансамбли коштоду.. Дирижеру- Руслан Бекмаев.

Белгилесек, гастролдун алкагында, Өзбекстандын чоң театры кечээ, 14-мартта Сулейман Юдаковдун “Майсаранын жоруктары” аталышындагы операсын кыргыз театр сүйүүчүлөрү үчүн коюшкан.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *