Жалал-Абад облусуна караштуу алыскы Кашка-Суу айылынын жигердүү айымдары долбоор жазып, машыгуу залын ачкан. Фитнес залдын ишке кирүүсү пенсия курагындагы энелерге чоң пайдасын тийгизүүдө. Анткени аз кыймыл менен үйдө отура бербестен сергек жашоого умтулуулары күчүгөн. Долбоор жазып айыл жергесинин өнүгүүсүнө үлүшүн кошкон айымдар максаттарын ишке ашырууга эмне түрткү болгону тууралуу кеп кылышты.


Иштен кечиккенсип шашып барам…
Гүлүмкан Нуркулова
Кашка-суу айылынын тургуну: 68 жаштамын, 5 баланы тарбиялап өстүрдүк, 16 неберелүү болдук. 42 жыл мамематика сабагынан мугалим болуп иштедим. Айылга фитнес зал ачылды дегенде абдан кубандым. Машыгып баштаганыма бир айдан ашып калды. Мурда жакшы отуруп тура алчу эмесмин, бара -бара жакшырып бара жатат. Бизге окшогон энелерге жакшы болду. Менин залга баруу убактым эртең мененки саат 8:30 дан 10:00 го чейин. Күнүгө ишке шашкансып ашыгып барам. Мен өзү дегегле тынбаган жан элем. Кыйналбайм го деген ой менен келгем, көрсө кыймыл башка көнүгүү жасоо башка экен. Башында кыйынчылык болду колум бутума жетпей, бир колумду жеткизсем экинчи колум чыгып кетет. Акырындык менен жасап жатып көп эле көнүгүүлөрдү үйрөнүп алдым. Ошондой эле бийик кан басым менен жүрчүмүн азыр нормалдашып калды. Бара-бара дары ичпей калам го деп сүйүнуп жатам. Фитнес залга келген ар бир айымдын маанайлары көтөрүңкү, бири-бирибизден дем-күч алып кетебиз.


Асылгүл Ажыбаева 42 жашта, 3 баланын энеси. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинде депутат
Биздин долбоор тизмеде жок болгондо ыйлагамын…


Андан сырткары айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси болуп 4 жылдан бери иштейм. Ден соолукту чыңдоо туралуу семинарларга катышып, айылдагы тургундарга кеңири маалымат таркатып келебиз. 2023-жылы Швецария уюму каржылаган жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча долбоор жүрүп, ага каралган акча каражаты 1 миллионду түзгөн. Бул долбоордун алкагында Алимбекова Эркингүл, Ботобаева Тажигүл эжеке үчөөбүз жаздык. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан да чоң колдоолор көрсөтүлүп жатты. Ар бир иште өзүнүн кыйынчылыгы болот экен, мен жашаган жерден иштеген жерге баруу үчүн 17 км жол жүрүп барам. Долбоор жазуу үчүн ар жактан маалымат топтоп кышта убакыт жетпей, ошол жакта үйгө барбай жазып жатып бүтүрдүк. Биз жакта интернет да жакшы иштечү эмес, бир күнү теелефонду карасам долбоор жазган айыл өкмөттөрдүн тизмеси турат, биздин долбоор тизмеде жок. Абдан кыжаалат болуп, ыйладым. Өкмөт башчы Шекербек Камчыбек уулуна чалып айтсам, көрсө биз башка эле сайтка жиберип алыптырбыз. Саналуу сааттар ичи долбооруңар бүтпөй калса долбоор өтпөй калат деген маалымат алып. Аны кайра тактап жөнөттүк, жыйынтыгын бир топ күн күтүп “өттү” деген маалыматты алганда абдан кубандык.


– Долбоор жазганды кайдан үйрөндүңүз эле?


Турмуштун ар кандай сыноолору менен жогорку окуу жайга тапшыра албай калганмын. Жолдошум тагдырдын буйругу менен өтүп кеткен, 3 баланы тарбиялап окутуп келе жатам. Долбоорду өзүмдүн кызыгуум, аракетим менен үйрөндүм. Буюрса алдыда жакшы ниеттер бар, долбоор жазууну улантып, айылыбызды өнүктүрүп, элге пайдам тийсе деймин.


Алимбекова Эркингүл 48 жашта, кесиби боюнча бухгалтер. 4 баланын, 2 неберенин энеси
Долбоорду акыркы күндөрү түндөп жазганга туура келген…


Мурункуга салыштырмалуу техниканы пайдаланып, жашоолорун жеңилдетип калышты.Кыймылдын аздыгынана көптөгөн оорулар көбөйүп баратат.. Атайын аялдар үчүн фитнес зал ачуу идеасын ишке ашырдык. Бул максатты ишке ашырууда, бири-бирибиздин убактыбыз туура келбей, акыркы мөөнөтү жакындап калганда түндөп жазууга туура келип жатты. Эмгегибиздин жыйынтыгы чыкканда абдан кубандык. Азыркы учурда машыгуу залында 18-20 жаштан, 68-70 жашка чейинки айымдар машыгат. Башында акысыз машыгып жатышкан андан кийин баарына ыңгайлуу баага токтолдук. Себеби имараттын акысы, камуналдык төлөмдөр жана машыктыруучунун акысына да каралат, айына 600 сомго бекилген. Алдыда залды дагы кеңейтебиз деп турабыз. Бир группада 6 дан айым бөлүнүп машыгат. Жалпы 2 ден шериги менен 11 техника бар. Буга чейин да бир нече долбоорлорду ишке ашырып келгенбиз. Алдыда мектепке чейинки балдарды өнүктүрүү борборун ачсак деп турабыз.


Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *