Бүгүнтөн тарта 30-апрелге чейин салык органдары түн ортосуна чейин иштейт.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, иштөө убактысын узартуу чечими салык декларациясын кабыл алуу боюнча натыйжалуу өнөктүк жүргүзүү максатында кабыл алынды. Ага ылайык, документтер иш күндөрү жана дем алышта эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин кабыл алынат.

Эске салсак, 1-майга чейин өткөн жылга кирешеси боюнча отчетту жеке ишкерлер, физикалык жактар, дыйкандар, мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын кызматкерлери жана жыл ичинде 300 миң сомдон жогору суммага мүлк сатып алган жарандар тапшырууга милдеттүү.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *