Ош шаарынын борбордук аянтында укук коргоо органдарынын Ош горнизонунун саптык кароосу өткөрүлдү. Бул иш чаранын негизги максаты 28-апрелде Ош шаарында өтө турган бир мандаттуу шайлоого даярдык болуп саналат.

Анткени шайлоону өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоододо милиция кызматкерлеринин таасири чоң. Иш чара Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Акылбек Бекишовдун жетекчилиги менен өткөрүлдү.

Ал өздүк курамга бул саясы өнөктүк учурунда кызматтык милдеттерди мыйзамдын чегинде так, абийирдүүлүк менен аткарууну, кандайдыр бир укук-мыйзам бузууларга, провокациялык аракеттерге жол бербөөнү тапшырды. Эске салсак, Шайлоо Ош шаарынын 55 шайлоо тилкесинде өткөрүлөт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *