Ош шаарындагы №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясындагы окуяга министрлик үн катты. Билим берүү жана илим министрлиги кечээ 14-март күнү эрте мененки саат 8.15те директор класс жетекчилер, социалдык педагогдор, мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар менен биргеликте сабакка кечигип келген окуучуларга мектеп формасын сактоо жана кечикпей келүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Ошол окуучулардын бирине директор жана мугалимдер окуучулук форманы сактоо керектигин эскерткен. Ал окуучуга эскертүү айтылып жаткан учурда анын классташтары жана класс жетекчиси жанында турган.
Мектеп директору окуучуга кол тийгизбегендигин, урбагандыгын жана жанында күбө мугалимдер, мектеп окуучулары болгонун билдирди. Директор катары ал окуучулардан мектеп формасын гана талап кылган.
Бул окуя боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатат жана кошумча маалымат берилет.
Эске салсак, кечээ күнү Ош милициясына окуучу кызды мектеп директору урду деген арыз түшкөн.

