Үстүбүздөгү жылдын эки ай ичинде 26 миңден ашуун ымыркай бир жолку төлөнүүчү сүйүнчүпулун алышты. Ал үчүн мамлекеттик казынадан 105 млн.сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Ар бир бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул 4000 сомду түзөт.

Эгерде бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага “балага сүйүнчү” 50 миң сомдон төлөнөт. Бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек.

Акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт.
Жаран акча каражатын РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *