Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу өнөктүгүнүн убактысы узартылды

“Унаа” мекемесинин жетекчисинин орун басары Толубай Жакишев 15-февралга чейин белгиленген чек алынганын билдирди.

Ошондой эле ал мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 083 формадагы медициналык маалым кат мындан ары талап кылынбай турганын эскертти.

Эске салсак, буга чейин мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу 15-февральга чейин белгиленген болчу. Ал эми аны алмаштыруу үчүн 083 формадагы медициналык маалым кат алуу үчүн ооруканадагы узун кезектер тууралуу видео соцтармактарга тараган эле.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *