Ош шаарындагы №8 (Горький), №6 Макаренко, №57 Тажиматов атындагы билим берүү мекемелеринин аймагындагы имараттарга Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан 1-мартка чейин мектеп аймагын бошотуу боюнча эскертүү кагаздары берилди.

Бул мектептердин баштапкы аймагы кыскарып, жеке менчикке берилип кеткен. Мындан улам мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен билим уяларынын жерлерин кайтаруу иштери жүрүүдө.

