Европа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилет

Европа биримдигинде социалдык тармактарга жана башка онлайн-платформаларга кирүүдө колдонуучунун жашын тастыктоо системасы даярдалып жатат.

Еврокомиссия бул багыттагы жалпы европалык ыкманы буга чейин эле сунуштаган, ал эми Урсула фон дер Ляйен тиркеме техникалык жактан даяр болуп, жакын арада колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болорун билдирди. Сервис куракты тастыктоого мүмкүнчүлүк берип, ошол эле учурда ашыкча жеке маалыматтарды ачыктоону талап кылбайт.

Еврокомиссия бул чечим интернеттеги балдарды коргоо боюнча жалпы саясаттын бир бөлүгү болорун белгилөөдө. Тиркеме смартфон, планшет жана компьютерде иштей турганы, ал эми анын коду ачык болору айтылууда.

Системаны киргизүүнү пландаган өлкөлөрдүн катарында Франция, Дания, Греция, Италия, Испания, Кипр жана Ирландия бар. Муну менен катар онлайн-платформалардын балдарды коргоо боюнча жоопкерчилигине көзөмөл дагы күчөтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *