Бишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдө

Бишкекте мечиттерди документтештирип, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү иштери уланууда.

Муфтияттын маалыматына караганда, Ленин районунда имамдар жана мечит ээлери менен көчмө жолугушуулар өттү. Сөз жеке менчик жер тилкелеринде жайгашкан мечиттер тууралуу болуп жатат.

Башкы имам-хатиб Сүйүнөлү ажы Кулуев хатибияттын кызматкерлери менен бирге документтерди тариздөө, объектилерди КМДБнын балансына коюу жана тиешелүү күбөлүктөрдү алуу тартибин түшүндүрдү.

Ошондой эле имамдарга муфтийдин тапшырмаларын өз убагында аткаруу, мечиттердин тазалыгына, ички тартибине, жума баяндарын даярдоого жана намаз убактысын так сактоого көңүл буруу эскертилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *