Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт унаа жолундагы жол белгилери жаңыланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

“Жол белгилерин №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө.
“№2 Жол тейлөө мекемеси Ош–Баткен–Раззаков, Баткен–Кара-Бак–Чоң-Талаа, Бужум–Баткен–Кызыл-Жол унаа жолдорундагы эски белгилерди алмаштыруу менен алек”
, – деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, жол белгилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзү чыгарат. “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинен чыккан жол белгилер 7-10 жылга чейин жарамдуу болуп, баасы тирөөчү менен кошкондо жеке компанияларга салыштырмалуу арзан болот.


Андан тышкары, учурда №21 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Ош–Баткен–Разаков унаа жолунда жол четин ирээтке келтирүү, тегиздөө жумуштары жүрүп жатат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *