325 мугалим ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө арыз берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.


Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан уюштурулган эксперттик комиссия педагогдорду квалификациялык категорияларга дал келүүсү боюнча ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабына берилген документтерди экспертизациялоону баштады.


Санариптик каттоонун жыйынтыгында 325 арыз келип түшкөн, анын ичинде эң көп Ош облусунан арыз тапшырылып, мугалимдер кесиптик деңгээлин текшерүүгө даяр.
Ош облусунан – 96;
Жалал-Абад облусунан – 56;
Ысык-Көл облусунан – 43;
Нарын облусунан – 30;
Талас облусунан – 29;
Баткен облусунан – 26;
Чүй облусунан – 17;
Ош шаарынан – 17;
Бишкек шаарынан — 11.


Эске салсак, 2023-жылдын 14-декабрынан 27-декабрына чейин аймактык билим берүү башкармалыктарына жана жалпы билим берүү уюмдарына ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө арыздарды санариптик каттоонун башталышы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *