Бул жылы кандай түстөр мода болоорун Pantone институту жарыялады.
Pantone көп жылдар бою тренддерди болжолдоо же аныктоо боюнча эң алдынкы институт болуп саналат. Ошондой эле дүйнөнүн эң ири мода, дизайн бренддери менен иштешип келет.

Pantone институту аныктагандай 2024-жылы шабдалы түсүндөгү (ток-сары) өӊдөр трендде болот.
Эксперттер бул түстү “жан сергитээрлик” жана “энергия берүүчү” деп аташат. Муну байкаш үчүн ар бир адам түскө кылдат карап маани бериш керектигин сунушташат. 2024-жылдын түсү витаминдерге бай апельсин менен шабдалынын ден соолукка тийгизген пайдасын эске салуу үчүн арналган.
Жалпысынан алганда түс абдан позитивдүү, жылуу маанай жаратат. Pantone агентинин пикирине караганда шабдалы түстүү кийимдер идеалдуу келет – расмий учурларда жана үй кийими үчүн да ошону менен катар спорттук кийимдерде да ыңгайлуу болоорун айтышкан.
Ал эми Кытай гороскобу боюнча 2024-жыл ажыдаар жылы болгондуктан кызыл, алтын, күмүш түстөр дагы актуалдуу экендигин аныкташкан.

Которгон: Алтынай Гапарова

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *