Ош шаарында таштанды ылгоочу аянтчалардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы аталган мекеме жыл жыйынтыгын чыгаруу учурунда билдиргендигин кабарлады.
Маалыматка ылайык, буга чейин Ош шаарында 4 таштанды ылгоочу жай ачылып, ишке берилген.
Жыйында ишкананын жетекчиси 2023-жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыктары боюнча маалымат берди.
Мында таштандыларды жыйноо маданиятын жогорулатуу, керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында быйылкы жылга мерчемделген максаттары тууралуу айтып өттү.
Ошондой эле, көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын тазалоо иштерин күчөтүү максатында быйылкы жылы 30га жакын кошумча кызматкер алуу болжолдонуп жатканын билдирди.

