Индиянын Батыш Бенгалия штатында өлүмгө алып келиши өтө жогору болгон Нипах вирусунун очогу катталды. The Independent жазгандай, азырынча 5 адамдан вирус табылган, алардын арасында дарыгерлер да бар.
100дөн ашык адам карантинге алынып, бейтаптар Калькутта шаарындагы ооруканаларда дарыланууда. Бир адамдын абалы оор деп бааланууда.
Нипах вирусу жарганаттар аркылуу тарайт, адамга жаныбардан же жугуштуу тамак-аш аркылуу өтүшү мүмкүн. Ал энцефалит жана оор дем алуу ооруларын жаратат.
Эң кооптуу жагы — дарысы да, вакцинасы да жок, ал эми өлүм көрсөткүчү 80%га чейин жетет, бул Covid-19дан бир нече эсе жогору.
Адистер туристтик агым күчтүү болгондуктан, вирустун башка өлкөлөргө да тарашы мүмкүн экенин эскертишүүдө.
