Президент Садыр Жапаров быйыл да жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрбөйт. Мунун себебин мамлекет башчы «Кабар» агенттигине берген кыскача маегинде түшүндүрүп берди.


Өлкө башчы башында мурдагы мамлекет башчылардай болуп, журналисттерди чогултуп, маалымат жыйын өткөрүп көргөнүн, бирок 3 саат бою такталбаган маалыматтарды териштирүү менен отуруп, жөн эле убакыт текке кеткенин белгилеген.


Ошондой эле Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү көбүнесе интрига жаратуучу суроолорду берүүгө ыкташаарын айткан. Маалымат жыйынга келгенде эле бир топ ЖМК өкүлдөрү жалаң тар чөйрөнү гана кызыктырган суроолорду беришкенин, ал эми өлкөнүн келечеги, мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, элеттеги көйгөйлөр тууралуу суроолор жокко эсе. Ошентип, маалымат жыйынынын басымдуу бөлүгү такталбай айтылган сөздөрдү териштирүү менен өтөт деген.

Муну азыр деле архивдерди көтөрүп карап көрсөңүздөр болот. Жалпысынан “тигил тууралуу мындай деген кептер айтылууда, бул жөнүндө ушундай сөз болууда, сиз кандай дейсиз” деген эле суроолор. Ошондон кийин маалымат жыйынга убакыт короткондун ордуна, коомубузду кызыктырган, резонанс жараткан окуялар боюнча журналисттердин убактысын коротпой эле алдын ала жооп берүүгө аракет кылып келебиз. Буга менин да, журналисттердин да атайын убактысын бөлүүнүн кажети жок болуп калат. Ал эми Курултай болсо Конституцияда белгиленген. Ар жылы шайланып келген делегаттарга маалымат беришим керек. Мына ошол жерде өлкөдө эмне иштер жасалып жатат, эмнелер пландалууда баарын камтууга аракет кылам. 2 жылдан бери өзүңүздөр күбө болуп келаткандай, эки күн бою айтылган бардык суроолордон кийин, жыйынтыгында кенен-кесири жооп берип жатабыз. Ошол жерден журналисттер кызыктырган суроолоруна жооп ала алат деп ойлойм” – деди Президент.
Маектешкен: Медербек Шерметалиев

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *