Кыргызстанда элдин саны он айда 103,4 миң адамга өстү. Бул тууралуу Статком маалымдады.
Өткөн жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда калктын саны 7 млн 385 миңге жеткен.
Аймактар арасында калктын эң чоң абсолюттук өсүшү Бишкек шаарында катталып, калк 31,7 миң адамга көбөйгөн. Экинчи орунда Ош облусу туруп, 17,3 миң адамга арбыган. Андан кийинки орундарда Жалал-Абад жана Ысык-Көл турат.
