Кыргызстандык суучул АКШда өткөн чемпионатта, күмүш медаль утту

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШнын Коллежи Ассоциациясынын (NCAA) чемпионатында күмүш медаль утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Суу спорту боюнча ассоциациясы билдирди.

Сууда сүзүү боюнча мелдеш 20-25-февраль күндөрү Гринсбородо (Түндүк Каролина) өттү. Денис Петрашов 200 метр аралыкты 1 мүнөт 51 секундада сүздү.

Суучул эми Филиппинде 11-Азия чемпионатына да катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *