Дубайда Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары беттешет

Бүгүн Дубайда Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары контролдук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Оюн машыгуулар алкагында өтүп, анда футболчуларды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү чектелбейт. Эки команда тең 2023-жылкы Азия Кубогуна даярданып жаткандыктан, беттеш түз эфирсиз жана көрүүчүлөр жок жабык форматта өтөт.

Азия кубогу 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин Катарда болот. Кыргызстан бул мелдеште Таиланд, Сауд Арабия жана Оман курамаралары менен бир тайпада жайгашкан.
Азия кубогунун алкагындагы биринчи беттеш 16-январда Таиланд менен болуп өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *