“Муз үстүндөгү гүлдөр” сериалынын адабий сценарийин жазуу жана тартуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тендер жарыяланды. Бул тууралуу «Кабар» кыргыз улуттук мамлекеттик агенттиги мамлекеттик сатып алуулар порталына шилтеме берип жазып чыкты.
Анда тендер Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин “Кыргызсериал” чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган.
Кызматтын баасы 16,5 млн сомго бааланды. Сынактык арыздарды 27-декабрга чейин берүү зарыл.
Техникалык мүнөздөмөдө: сериал 10 сериядан турат, ар бири 35-40 мүнөткө созулат деп жазылган.

