Туу боюнча мыйзам качан ишке ашаары айтылды

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзам “Эркин-Тоо” гезитине алдыдагы шейшемби күнү жарыяланат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.


Айтымында, Министрлер кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн өз токтому менен бекитиши керек.
Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат.
Аскат Алагөзов Президент Садыр Жапаров азыркы мамлекеттик желекке аяр мамиле жасоо тапшырмасын бергенин айтат.
«Бул талап жаңы туу учурда деле күчүндө калат», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *