Бүгүнкү күндө Кыргызстанда вирустук гепатит көп катталууда. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 2,6 эсеге көбөйгөндүгүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Ведомствонун берген маалыматына караганда оорунун жогорку деңгээли Баткен (283,9), Ош (157,8), Жалал-Абад (126,8) облустарында жана Ош шаарында (99,6) байкалып, республикалык көрсөткүчтөн 3 эсеге, 1,7 эсеге жана 35,2%га көп болгон.
Вирустук гепатит тууралуу маалымат алуу үчүн №12 Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылдык. Анда биздин суроолорго Ден-соолукту чыңдоо канасынын бөлүм башчысы Жанат Чоголова жооп берди.
-Вирустук гепатит же сарык оорусу — боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Гепатиттин A, E, B, C, D, G деген түрлөрү бар. Ооруну жугузуучу башкы булак болуп гепатит менен ооруган адам эсептелет. B, D, C, G түрлөрү жыныстык катнаш, энеден түйүлдүккө өтүү жана кан аркылуу жугат. A, E түрлөрүнүн жугуу жолдору окшошуп кетет.
Кыргызстанда A түрү менен жабыркагандар көп катталат. Гепатиттин А жана Е түрү жонокой эле шартта жугат. Алсак, бул вируска көбүнчө жаш балдар чалдыгат. Анткени дааратканадан же сырттан келгенде кол жуубагандыктан, мөмө-жемишти жууп жебегендиктен келип чыгат.
Ал эми В, С, D түрлөрү болсо кан аркылуу жугат. Мисалы сулуулук салондорунан, жыныстык катнаштан, кош бойлуу кезинде энеден балага ошондой эле тиш дарылатуу учурунда жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору.
Ооруга чалдыккан адамдардын белгилери:
-Алы кетет,дене табы которулот(37-38градус);
-Башы ооруп, мурун бутот;
-Тамакка табит жоголот.Конул айланат, кусат;
-Коздун кареги саргарат,зааранын өңү кочкул күрөң тартып,зан агарат;
-Дене саргаят. Оору белгилери билингенден кийин 4-7 күн ичинде башталат.Тилдин асты,тандай,коздун агы,тери саргаят.
Гепатит оорусун кантип алдын алса болот?
-Жаш балдар гепатит үчүн атайын эмдөөнү үч жолу алуусу зарыл. Ошондой эле оорунун булагы кир колдор болгондуктан такай колду жууган-жуубаганын ата-эне көзөмөлгө алуусу керек. Жашылча жемиштерди сөзсүз жууп жегени талапка ылайык.
-Гепатиттин В, С, D түрлөрү болсо кан аркылуу жугат. Мисалы сулуулук салондорунан, жыныстык катнаштан, кош бойлуу кезинде энеден балага ошондой эле тиш дарылатуу учурунда жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору. Бул түрлөрү улууларда көп кездешүүдө.
-Илдеттин алдын алуу үчүн кокустук жыныстык катнаштан качуу керек. Сулуулук салондорунун кызматын пайдаланууда каражаттардын стерилизацияланганына маани берүү кажет. Бироонун жеке гигиеналык каражаттарын пайдалануудан алыс болуу зарыл.
Ооруну айыктырууга болобу ?
-Гепатиттин А түрү башка оорулардан айырмаланып, өнөкөт түрүнө айланып кетпейт. Ооруга чалдыккан адам бир ооругандан кийин кайра оорубайт. Ал кишиде иммунитет пайда болот. Бирок дарыланган адам 5-6 айга чейин диетаны жакшы сактабаса-анда ал өлүмгө дуушар болуусу ыктымал.
-Ал эми гепатиттин С түрүнө кабылган адамдын оорусу көпчүлүк учурда билинбей жугат. Башкача айтканда, С түрүндөгү гепатитти аныктоо кыйынга турат. Өтүшүп кетсе аны айыктыруу татаал болуп калат. В,С,D түрүндөгү гепатитти айыктыруу да оңойго турбайт. Эгер өрчүп, убагында дарыланбаса цирроз, рак ооруларына алып келет.