Депутат Улан Примов өзү билим алган Алай районунун Гүлчө айылындагы Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясына 10 заманбап үлгүдөгү компьютер жана ошондой интерактивдүү доска белек кылды. Билим уясына эл өкүлү декабрь айынын башында Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында келип, бир катар кемчиликтер жана техникалык жетишсиздик тууралуу маалымат алган болчу. Ошондой эле маселени тез арада чечип берүүнү колго алган.


Күтүлбөгөн белекке мектеп жамааты жана мугалимдер ыраазычылыгын билдиришти.


Эртеңки келечегибиздин ээлери болгон окуучуларыбыз үчүн билим алууга баардык шарттарды түзүп беришибиз керек. Айрыкча учурдун талабына шайкеш келген компьютерлер жана заманбап технологиялардан артта калбашыбыз зарыл. Албетте мектептер үчүн колдоолор муну менен гана чектелбейт. Жеке өзүм тараптан да мамлекет тарабынан да колдоолор болот. Эң башкысы окуучуларыбыз татыктуу билим алышсын” – деди Улан Примов.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *