Бүгүн Кыргызстанда энергетиктер кесиптик майрамын белгилешти. Буга карата Энергетика министрлигинде атайын иш-чара уюштурулуп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, ЖК депутаттары, бир катар министрлер, КРнын Аялдар конгресси жана энергетика тармагынын ардагерлери катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика тармагындагы реформаларга жана алдыдагы жасала турган конкреттүү пландарга токтолду. Муну менен катар айрым энергетиктер министрлер кабинетинин Ардак грамотасы жана ыраазычылык кат менен сыйлады. Ошондой эле энегетиктерди куттуктап келген коноктордун катарын Отун энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдаллануу жана өнөр-жай саясаты боюнча комитеттин мүчөлөрү катышып, энергетиктерди майрамы менен куттукташты.Мындан ташкары, энергетика министри Таалайбек Ибраев кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттуктап, эмгеги менен өзгөчөлөгөн энергетиктерге министрликтин “Каарман” төш белгисин жана Ардак грамотасын жана “Кызматташтык үчүн” төш белгисин тапшырды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *