Ошто Г.Айтиев атындагы орто мектепке 225 орундуу кошумча корпус курулат

Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгына караштуу №37 Г. Айтиев атындагы орто мектебине 225 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушуна расмий түрдө мезгил кутусу салынды.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кудайбердиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри жаңы корпус билим берүү сапатын жакшыртууга, окуучулар үчүн коопсуз жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталганын белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү керектигин айтып өттү.

Кошумча корпус пайдаланууга берилгенден кийин мектептеги орун тартыштыгы азайып, окуучулар үчүн кеңири жана ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү.

Курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп, келерки жылдын сентябрь айында толук аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *