Кыргызстанда балдар үчүн заманбап реабилитациялык шаарча курулат

Чүй облусунун Арчалы айылында «Максат» реабилитациялык борборунун базасында заманбап реабилитациялык шаарча куруу пландалууда. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов борборго барып, курулуш каралган аймак менен таанышты.

Долбоор ДЦП, аутизм, Даун синдрому жана өнүгүүсү кечиккен балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүгө багытталган. Шаарчада стационардык, амбулатордук жана күндүзгү реабилитация бөлүмдөрү, 150 орундуу борбор, коррекциялык блок, ата-энелер жана медкызматкерлер үчүн жатакана, терапия жана диагностика кабинеттер, гидротерапия үчүн бассейн, оюн аянтчалары жана иппотерапия элементтери каралат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *