Бишкекте коомдук унаалардагы жол акысы убактылуу көтөрүлбөйт. Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаментинен билдиришти.
Маалыматта , жыл башындагы эс алуу күндөрүнө байланыштуу жол кирени көтөрүү тууралуу токтом долбоорун бекитүү иштери кечеңдеп калган. Мындан улам коомдук унаалардын жол киреси убактылуу эски боюнча калат.
Мэриянын айтымында, документтерди тариздегенче кеминде 15 күн талап кылынат.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын аягында борбор калаадагы автобус-троллейбустарда жол кирени накталай эмес 17 сомго, акчалай төлөгөндө 20 сомго көтөрүү чечими кабыл алынган. Учурда автобус менен троллейбуста жол кире 11 сомду түзөт. Ошол эле учурда кичи автобустардын акысы 15тен 20 сомго көтөрүү каралган. Жаңы тариф 15-январдан баштап кирмек.

