Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.


Ага ылайык, 15-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайынын Ала-Бел ашуусунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экендигин эскертет.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *