Кабмин Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти

Министрлер кабинети Бишкекти 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы Башкы планын бекитти. Документке ылайык, борбор калаанын калкы 1,92 млн адамга чейин өсүшү мүмкүн, ошондуктан шаар коңшу калктуу конуштар менен агломерация принцибинде өнүгөт. Бишкек IT, креативдүү экономика, медицина, туризм жана жогорку технологиялык бизнеске басым жасайт. Шаар жогору карай өсөт: жеке сектордун үлүшү кыскарып, негизги курулуш көп кабаттуу үйлөргө…

Кененирээк

Бишкекте мугалимди сабаган окуучу бир жылга пробацияга кесилди

Бишкекте мугалимди сабаган мектеп окуучусу бир жылга пробацияга кесилди. Райондук сот 16 жаштагы М.К.А.ны денеге оор залал келтирүү боюнча күнөөлүү деп тапты.Өспүрүм жана анын ата-энеси мугалимден жана коомчулуктан кечирим сурашты.

Кененирээк

29 жаштагы Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетине президент болду

Шайлоо аяктаганын комитеттен билдиришти. Буга чейин 3 талапкердин ысымы айтылган болчу. Бирок Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев менен Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев талапкерликтен баш тартты. Триатлончу Оморканов 2021-жылдан бери Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) вице-президенти, Кыргызстандын Хоккей федерациясынын башкы катчысы болуп иштеген. Париж Олимпиадасынан кийин Улуттук олимпиадалык комитетти Умбеталы Кыдыралиев жетектеп келген.

Кененирээк

Дональд Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары кошуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Fox News билдиргендей, март айында АКШ лидери бул тууралуу кыйытып айткан. Ошол учурда ал Венесуэланын бейсбол боюнча улуттук курама командасын Италияны жеңгендиги менен куттуктап, бул ийгиликти Каракастын АКШ менен болгон кызматташтыгынын жемиши катары баалаган.

Кененирээк

Кыргызстанда керээз боюнча мурас алууну жеңилдетүү сунушталды

Кыргызстанда керээз боюнча мурас алууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Демилгени бир катар депутаттар көтөргөн. Документке ылайык, керээзде көрсөтүлгөн жарандар маркумдун жакын тууганы болбосо да, анын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн ала алышат. Азыркы мыйзам боюнча мындай документ негизинен жакын туугандарга гана берилет. Мындан улам керээз боюнча мураскер болгон, бирок туугандык байланышы жок адамдар нотариуска…

Кененирээк

Улуттук банк ШКУнун 25 жылдыгына карата күмүш тыйын чыгарды

Быйыл Кыргызстан уюмга төрагалык кылууда. Тыйындын алдыңкы бетинде ШКУнун эмблемасы жана мүчө мамлекеттердин желектери түшүрүлгөн. Арткы бетинде катышуучу өлкөлөрдүн карталарынын фонунда Кыргызстандын герби чегилген. Тыйындын салмагы — 28,3 грамм, номиналы — 10 сом.

Кененирээк