Кара-Суу районундагы сел кырсыгынан кийин аймактагы социалдык кызматкерлер калкка ыкчам жардам көрсөтүүдө

Өзгөчө Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Сары-Колот айылындагы кырдаал көзөмөлгө алынып, тиешелүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Нурланбек Кочкорбаев социалдык кызматкерлер менен биргеликте кырсык болгон аймактарда жеринде иш алып барып, жабыркаган жарандардын абалынан кабар алууда. Алар сел каптаган үйлөрдү кыдырып, тазалоо иштерине түздөн-түз…

Кененирээк

Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

24-майда нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен шаардагы 27 турак үйдүн короосун суу каптап, 4 үйдүн ичине жана 1 үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. Ошондой эле 7 көп кабаттуу турак үйдүн короосун жана жер төлөсүн каптаган. Таңкы саат 04:00 штаб уюштурулуп, шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Кошумча маалымат берилет.

Кененирээк

Сергей Безруков Чыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасмага тартылууда

Белгилүү актёр Сергей Безруков Чыңгыз Айтматов тууралуу тартылып жаткан көркөм тасмага катышууда. Ал Россия мамлекеттик китепканасында тартылган видеону бөлүшүп, режиссёр Каныбек Калматовдун «Айтматов» долбооруна жардам берип жатканын билдирди. Режиссёрдун айтымында, Сергей Безруков анын дебюттук тасмасында роль да жаратат. Каныбек Калматов фильм 22-октябрда прокатка чыгарын белгиледи.

Кененирээк

Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына канча күн калганын эсептеген такта ачылды

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына 100 күн калганын көрсөткөн электрондук такта иштей баштады. Аны ишке киргизүү аземине минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев жана Бишкек мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты. Улан Маматканов Көчмөндөр оюндары кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууда маанилүү экенин белгиледи. Оюндардын салтанаттуу ачылышы Борбор Азиядагы…

Кененирээк

Starlink спутник интернети Кыргызстанда расмий иштей баштады

SpaceX компаниясынын Starlink спутник тармагы Кыргызстан аймагында кызмат көрсөтө баштады. Сервистин республикада жеткиликтүү экени тууралуу маалымат компаниянын расмий камтуу картасында пайда болду. Буга чейин Reporter.kg долбоорду ишке киргизүүгө чейин Министрлер кабинетинин башчысы Вашингтондо SpaceX өкүлдөрү менен жолукканын жазган. Starlink оптикалык була линияларын тартуу кыйын болгон алыскы жана бийик тоолуу аймактарды да жогорку ылдамдыктагы интернет менен…

Кененирээк

Эдил Байсалов Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды

Ак үйдө өткөн аземдин жүрүшүндө элчи кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде Трамп элчини кызматка киришкени менен куттуктап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.

Кененирээк

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн арасында экономикалык өсүш боюнча жогорку көрсөткүчтөрүн сактап калды

Бул тууралуу журналисттерге Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Каныбек уулу Элимбек билдирди. Анын айтымында, буга чейин Шымкент шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп, анда Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өткөн жылдагы макроэкономикалык абалы жана 2026–2027-жылдарга карата божомолдору боюнча баяндама сунушталган. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясынын өсүшү 1,7 пайызды түзгөн. Ал…

Кененирээк