Жарандар бар үйүн оңдоого жана кеңейтүүгө ипотекалык каржылоону пайдалана алышат
Президент мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык: МИКтин турак жай фондун түзүүгө көмөк көрсөткөн маморгандардын кызматкерлерине каржы алууда артыкчылык берилет. Квотаны МИКтин кеңеши аныктайт. Буга чейин “Топтомо ипотека” программасы боюнча жарандар керектүү 30% каражатты банкта кеминде алты ай сактоого тийиш болчу. Эми талап кылынган сумма бар болсо, депозитти үч айга ачууга мүмкүнчүлүк берилет….


