Президент мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ага ылайык:
МИКтин турак жай фондун түзүүгө көмөк көрсөткөн маморгандардын кызматкерлерине каржы алууда артыкчылык берилет. Квотаны МИКтин кеңеши аныктайт.
Буга чейин “Топтомо ипотека” программасы боюнча жарандар керектүү 30% каражатты банкта кеминде алты ай сактоого тийиш болчу. Эми талап кылынган сумма бар болсо, депозитти үч айга ачууга мүмкүнчүлүк берилет. Бирок акча толугу менен салынышы керек.
Программага балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү — томолой жетимдер да жашы жеткенден тартып катыша алышат.


