Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, аба ырайынын ыңгайлуулугу жана жергиликтүү фермерлердин өз убагында жүргүзгөн агротехникалык иштери бул ишке өбөлгө түздү.
Бул жылы эгиле баштаган картошкалар май айында бышып, сатууга даяр болот. 90 сотых жерге картошка айдаган фермер май айында 20 тоннадан ашык түшүм алууну пландоодо. Эгерде картошканын «Ривьера» сорту эгилсе, ал эрте бышып, бир эле жерден бир мезгилде үч жолу түшүм берүүгө жөндөмдүү.
Аймактык фермерлер талааларын күз айында даярдап, жерин байытып, дары-дармек, жер семирткичтер жана витаминдер менен камсыз кылып жатышат. Бул ишке Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги да активдүү колдоо көрсөтүп, фермерлерге техника жана талаага керектелүүчү дары-дармектерди берүүдө.
Бул картошкалар Кыргызстандагы ички рынокко гана эмес, коншу мамлекеттерге да экспорттоло баштагандыктан, жакшы экономикалык киреше алып келүүдө. Ошондой эле аймактык фермерлер жергиликтүү тургундарды жумушка тартуу менен күнүнө 1 500 сомдон төлөп, экономикалык жактан да жамаатка салымын кошууда.

