9-майда Эркиндик бульвары «Жеңиш бульварына» айланат. «Өлбөс полк» жүрүшү аяктагандан кийин, саат 12:00дө Бишкектеги Орус үйүнүн жанында концерттик программа башталат.
Сахнада балдардын чыгармачылык жамааттары, апалар хору жана «Мелодия» студиясынын тарбиялануучулары, «Сувенир» орус ырлар ансамбли, «Орто Азия Романсиадасынын» жылдыздары жана «Белая птица» адабий-музыкалык клубу өнөр көрсөтөт.
Ошондой эле көрүүчүлөр Игорь Воронцов, Гүлнара Тойгонбаева, Жамиля Муратова, Николай Ковалев, Санжарбек уулу Бактурган жана Кубанычбек Атамбаевдин ырларын уга алышат. Каалоочулар Май вальсын бийлей алышат.


